Баш оона 01, 2025
Убакыт: 04:20
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.080
1.110

Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары жолукту

31.07.2025 09:21
39
Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары жолукту


Күн мурун тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен Кыргызстанга келген Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов менен жолукту.


Ведомстводон маалымдашкандай, сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери ортосунда жигердүү сүйлөшүүлөр болду.


Тараптар кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун бардык спектрин талкуулашты, актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алышты, ошондой эле тиешелүү Жол картасында чагылдырылган эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.


Ошондой эле министрлер саясий диалогдун ырааттуу деңгээлин жана эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштардын динамикасын канааттануу менен белгилешти. Алар ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого эки тараптын ниетин ырасташып, кыргыз-өзбек мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн биргелешкен аракеттерди улантууга даяр экендиктерин билдиришти.


Тараптар ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдарда, анын ичинде БУУ, КМШ, ШКУ, ТМУ, ИКУ жана башкаларда кызматташууну талкуулашты. Бул түзүмдөрдөгү кызматташуу эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн негизги элементи бойдон калаары белгиленди.


Тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери негизги аймактык жана глобалдык проблемаларга мамилени координациялоону улантууга даяр экендиктерин ырасташты, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрликтеринин 2025-2026-жылдарга кабыл алынган кызматташуу программасында жана ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча иш-аракеттер Планында "Жол картасында" белгиленген конкреттүү биргелешкен чараларды бекитишти.


Сүйлөшүүлөр салттуу түрдө жылуу жана достук маанайда, ачык-айкындуулуктун, ишенимдин жана өз ара колдоонун духунда өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттары аныкталып, алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графиги макулдашылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн