Бирдин айы 10, 2025
Убакыт: 00:27
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.885
0.920

Бишкекте билим берүү мекемелеринин имараттары көбөйөт

06.05.2020 14:30
1024
Бишкекте билим берүү мекемелеринин имараттары көбөйөт


2020-жылы Бишкек шаарында №19 мектеп ишке берилет. Бул тууралуу 6-майдагы брифингде борбор калаанын вице-мэри Уланбек Азыгалиев айтты.


"Окуу орундарын көбөйтүү максатында быйылкы жылы жалпы аянты 1238 чарчы метр болгон 198 окуу орундугун түзгөн №19 орто мектебин ачуу жана пайдаланууга киргизүү каралган, сентябрда ачабыз", - деди Азыгалиев.


Анын айтымында, жылдын аягына чейин Чыгыш-5 кичи районундагы жалпы аянты 2261 чарчы метрди түзгөн олимпиадалык резервдин балдар-өспүрүмдөр мектебинин курулушун аяктоо жана пайдаланууга берүү пландалууда.


Ошондой эле, айрым мектептерди реконструкциялоо иштери жүрүүдө. Жалпы аянты 2040 чарчы метр болгон №6 мектеп-гимназиясына 3 кабаттуу имараттын курулушун баштоо каралган.


Мындан тышкары, Азербайжан Республикасынын каражатынын эсебинен “Көк-Жар” конушунда жалпы аянты 5345 чарчы метрди түзгөн окуу орундугунун курулушу жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн