Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:45
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

COVID-19: Өспүрүм балдарды эмдөөдөн өткөрсө болобу?

COVID-19: Өспүрүм балдарды эмдөөдөн өткөрсө болобу?

Республикалык штабдан балдарды COVID-19га каршы эмдөө боюнча дүйнөлүк тажрыйба тууралуу айтып беришти.


Маалыматка ылайык, учурда дүйнөдө балдарды COVID-19га каршы эмдөө активдүү түрдө жүрүүдө.


“Балдарды эмдөө боюнча Кытай алдыңкы орунда турат. Ал жакта 3 жаштан тарта курактагы ондогон млн балдар эмделген. 12 жаш жана андан жогорку жаш курактагы балдардын жарымы ревакцинациядан өткөн. Өлкөдө балдарды эмдөө боюнча зор тажрыйба бар, анткени алар эпидемиологиялык көз караштан алганда балдар инфекцияны жайылтуучу катары болушу мүмкүндүгүн түшүнүшөт”, - деп айтылат билдирүүдө.


Мындан тышкары, Израилде дагы 5тен 11 жашка чейинки, 12ден жогору жаштагы балдар COVID-19га каршы эмделген. АКШда 12 жаш жана андан жогору курактагы балдарга эмдөө жасалат.


“Бул өлкөлөрдүн толук тизмеси эмес, дүйнөдө балдарды эмдөө активдүү жүрүүдө. Эмдөөнүн кыйыр таасирлерин дээрлик эч ким каттай элек”, - деп кошумчалашты штабдан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн