Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:10
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Казакстанда коронавирус жакын арада пайда болот

12.03.2020 13:56
997
Казакстанда коронавирус жакын арада пайда болот


Казакстанда 11-марттан 16-мартка чейинки убакыт аралыгында Covid-19 вирусу жуккан учур катталат. Мындай божомолду республиканын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин айтып чыкты.


"Биздин божомолубуз боюнча Казакстанда 11-16-мартта коронавирус пайда болушу мүмкүн. Бул божомол менен айтканда, негизи бир жуманын ары-бери жагы", - деди ал. 


Бекшиндин айтуусунда, өлкөдө вирустун пайда болушу менен атайын иш-чаралар көрүлөт. 


Башкы дарыгер белгилегендей, дүйнөдө абал тездик менен өзгөрүп жатат. Саламаттык сактоо министрлиги 6-январдан бери абалды көзөмөлдөп, оперативдүү чараларды кабыл алуу менен эс алуу жок күнү-түнү иштеп жатат.


Эске салсак, Казакстанда коронавируска байланыштуу Кытай, Иран жана Түштүк Кореядан жарандардын келүүсүнө тыюу салынган. Эми бул өлкөлөрдүн катарына Италия да кошулду. 

  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн