Теке 28, 2025
Убакыт: 16:21
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын келечеги талкууланды

28.07.2025 09:08
25
Кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын келечеги талкууланды


Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулап, саясий диалогду бекемдөөгө жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту, ошондой эле өз ара сапарлардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.


Көп тараптуу түзүмдөрдүн, анын ичинде БУУ, ТМУ, ШКУ жана АӨИЧК уюмдарынын алкагында өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелерине артыкчылыктуу көңүл бурулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн