Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт

27.01.2020 09:18
1019
Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт


Мессенджерлер аркылуу тарап жаткан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирусту жуктуруп алган бейтап жаткырылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагында коронавирусту жуктуруп алган учур катталбагандыгын дагы бир жолу эске салат. Штаб вирустун жаӊы түрүнө байланышкан кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп жатат.


Жарандардан такталбаган жалган маалыматтарды таратпоосун өтүнөбүз.

Адистер тарабынан сунушталган вирустун алдын алуу чаралары:

- Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
- Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;
- Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
- Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
- Жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана канаттууларга жакындабаш керек;
- Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн