Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Кыргызстанда жакынкы аралыкта 17 өнөр жай долбоору ишке кирет

16.02.2024 16:29
497
Кыргызстанда жакынкы аралыкта 17 өнөр жай долбоору ишке кирет


Бүгүнкү күндө жакынкы аралыкта ишке кириши керек болгон 17 өнөр жай долбоору бар. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова бүгүн брифингде билдирди.


Анын айтымында, унаа чыгаруучу ишкана биринчилерден болуп ишке кирет. 2023-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында ири агрегатты жыйноочу заводду ишке киргизүү келишими түзүлгөн.


«Биз ишкана 2024-жылдын март айында иштей баштайт деп күтүп жатабыз. Мындан тышкары модернизациядан кийин «Джунда» нефтини кайра иштетүүчү заводу, керамикалык плитка жана цемент буюмдарын чыгаруучу завод ишке кирет», - деп жыйынтыктады Айнура Үсөнбекова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн