Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:53
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ленин округу боюнча талапкер шайлоого катышуудан баш тартты

24.08.2023 17:18
4177
Ленин округу боюнча талапкер шайлоого катышуудан баш тартты


№26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Абдивали Балтабаев шайлоого катышуудан баш тартты.


Балтабаев БШКга 16-августта кайрылган. БШК талапкердин өтүнүчүн канааттандырган.


Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген. Ага 24 талапкер катышат.


Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоо үчүн бюллетендеги талапкерлердин тартибин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөргөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн