Кулжа 09, 2025
Убакыт: 22:55
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.095
1.125

Нурлан Мотуев, саясатчы: “Эми төшөк жаңыртпайм”

09.06.2025 17:07
27
Нурлан Мотуев, саясатчы: “Эми төшөк жаңыртпайм”


56 жаштын чайын ичип аткан Нурлан Мотуев жакында эле өзүнөн 37 жаш кичүү, тактап айтканда, 19 жаштагы Фатима аттуу кызга үйлөндү. 

“Сүйүү деген ар кандай, Сүйүмканды алгандай,

Турмуш деген ар кандай, Турдуканды алгандай. 

Жашоо деген ар кандай, Жамалканды алгандай,

Арман деген ар кандай, Алымканды алгандай...” деген сыяктуу Нурлан инимди алгач жаш аялы менен алкадым, андан ары кепке тарттым.


- Нурлан, төшөк жаңыртууга эмне түрткү болду? Кыз сүйүп калды, же өзүң сүйүп, же тукум улаш керек болдубу?


- Шариатта бойдок жүрүп алуу не приветствуется. Бир чоң сахабанын айтканы бар: “Өлөрүмө 10 күн калганын билсем да үйлөнмөкмүн” деген. Ал эми сүйүү тууралуу сурооңузга жооп берсем, ал сезимдер эки тараптуу болду.


- Кыргыздын каада-салты менен (кыз узатуу, нике кыюу, махр милдети) алдым деп ойлойсуңбу (толук чечмелеп бер)? 


- Эң башкысы, Аллах билсе болду. Андыктан, нике кыюу жөрөлгөбүздү 5-6 миллион киши көрдү. Андан соңку кыргызча кыз узатуу тоюбузду до сих пор миллиондоп көрүп жатышат, кызуу талкуулап, суктанып да, сындап да жатышат. А пускай, мен бирөө үчүн эмес, адегенде “Аллах эмне дейт?” деп жашаган адаммын да.


- Калыңына канча бердиң жана махрдан кутулдуңбу?


- Вообще-то, таза чыныгы шариатта кыздын махры менен эле бүтмөк баары. Демек, келинчегим нике кыюу жөрөлгөсүндө сураган, баасы 140 миң сом турган “Айфон-16 про макс” менен эле иш тамам болмок. Эми айла жок экен да, адамдар жазылбаган мыйзам кылып киргизип алган кыздын ата-энесине калың берүү, ресторанда кыз узатуу жөрөлгөлөрү болуп өттү. То есть, калың деп берген жокпуз, “эшик ачаар” деген салттын алкагында 200-300 миң сомду апам бергенине видеодон күбө болдуңар. Эми күзүндө Бишкектеги ресторандардын биринде үлпөт той өткөзүп, чоң калың ошондо берилет буюрса.


- Соцтармакка кымбат баалуу атыр алганыңды (эркектердин) жарыяладың. Бул келинчегиңдин өтүнүчү мененби ("сасыгым десе” деп эркелеткиси келиптирби)?


- Кымбат баалуу атыр алган окуям бир ай мурдагы, али кыз менен жытташа электеги учур болчу. “Сасык” деген сөздү жаман көрөм, и вообще, өзүн уходдобой сасып жүргөн кишини жек көрөм. Таза, чыныгы шариатта миск-атыр баасына чек жок, хоть миллион сомго алсаң да.


 - "Нурлан Мотуев кандайча байыган? “Көмүр королу” учурундагы байлыктарыбы? Акчаны кайсы банктан эмне кылганы үчүн алып атат?" деген суроолор коомчулукта желдей тарап атат. Буга эмне дейт элең? 


- Банктан алып жаткан акчаларым халал бизнестен түшкөн каражаттар: трейдинг, маркетинг, рента, көмүр бизнеси, интернет бизнеси, коллекторлук ишмерлик ж.б.


- “Бал айын” (медовый месяц) кайсы жактан өткөрөлү деп атасыңар?


- Исламда жубайлык жашоо – бул өмүр бою “бал айы” болуп саналат.


- Алдыда дагы төшөк жаңыртуу маселеси барбы? 


- Эч кандай төшөк жаңырбайт!


- Негизи, канча аял алып, канча балалуу болдуң? Анын канчасы кыз, канчасы эркек? Мурунку аялдарың жана балдар менен катыштык барбы?


- Негизи, балдар-кыздарым бар, ден соолуктары чың, баары адептүү. Алгачкы үчөө АКШ жарандары. Мурунку аялдарымды таштап кеткем. Ошондуктан алардын мага таарынычтары күч болгондуктан, балдарымды да мага көрсөтпөөгө аракет кылышат. Аял өч алса жаман турбайбы. Болгону, баягы 2011-жылы 19 жаштагы хиджабчан, чүмкөнгөн Айганышка үйлөнбөдүм беле? Ошондон төрөлгөн уулум Абдуллах менен катышып, ага акчалай жардам берип турам. Ал азыр 13 жашта. Калган аялдарым байдын кыздары болгондуктан, мен сунуштаган акчаны да алышпайт, көкбеттенишип. АКШдагы балдарым менен да катташып турам.


Маектешкен: Сурат Жылкычиев
Булак:  "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн