Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 23:03
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

“Сорос-Кыргызстан” фонду ишмердүүлүгүн токтотту

16.04.2024 09:14
68
“Сорос-Кыргызстан” фонду ишмердүүлүгүн токтотту


"Сорос Кыргызстан" фонду өлкө аймагында ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу Жордж Соростун "Ачык коом" фондунун бүгүн, 15-апрелде, жарыяланган билдирүүсүндө айтылат.


Буга коммерциялык эмес уюмдар тууралуу жаңы мыйзамдын кабыл алынышы себеп болгон. Билдирүүдө фонддун чет өлкөдөн каржыланганы аны "жаңы мыйзамдык чектөөлөргө" дуушар кылары белгиленген.


“Сорос - Кыргызстан” фонду өлкөдө 1993-жылы түптөлгөн. Ал 115 миллион долларга өкмөт жана жарандык коом менен иштей турган долбоорлорду каржылаганы кошумчалаган.


“Тилекке каршы, жаңы мыйзам боюнча өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн жасалган аракеттердин баары “чет өлкөлүк өкүлдөрдүн” иши деп адилетсиз аталат”, — деп айтылат маалыматта.


Буга чейин президент Садыр Жапаров республикада 25 миңдей өкмөттүк эмес уюм катталган болсо, анын эки миңдейи чет элдик донорлордун каражаты жана катышуусу менен иш алып барарын белгилеген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн