Бугу 01, 2024
Убакыт: 03:30
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Сурамжылоо: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керекпи?

23.01.2023 12:47
13635
Сурамжылоо: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керекпи?

Соңку күндөрү социалдык тармактардын колдонуучулары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек деген пикирлерин калтырышууда.


Буга себеп катары алар салыктын түрлөрүнүн көбөйгөнү жана Министрлер кабинетинин шалаакылыгынан улам өлкө жетекчисине нааразылык пайда болгонун жүйө келтиришүүдө.


Ошол эле учурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун саясатын колдоп, экономикалык бакубатчылыкка жетүү үчүн ал кызматтан кетпеши керек дегендер да аз эмес.



Урматтуу окурман, сиз Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек деп эсептейсизби?

Жок! Акылбек Жапаров кызматын улантышы керек! 561 добуш (77.06%)
Ооба, Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек! 151 добуш (20.74%)
Мага баары бир! 16 добуш (2.20%)

Пикирлер (331)

Коопсуздук коду
Лира
Акылбек Жапаровдон башка киши иштей албайт. Мындай оор учурда профессионал иштеш керек. Элге эч нерсе жакпайт. Наалыгандан башканы билишпейт.
Жибек
Улантырыш керек
Назгуль
Кыйын экономист,бул адамдан болок киши биздин олкобузду оор абалдан чыгара албайт.Мен 100%ишенем.
Кубан Тажибаев
Акылбек Жапаров абдан жакшы иштерди жүргүзүп, мамлекетте бир дагы буга чейин жасай алышпаган премьерлерден мыкты иштеп жатат. Баштаган иштерин аягына чыгаруу үчүн бери дегенде 5 жыл убакыт бериш керек
Саламат
Мыкты экономист Мелис Мырзакматовту алып келиш керек!