Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сурамжылоо: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керекпи?

23.01.2023 12:47
13595
Сурамжылоо: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керекпи?

Соңку күндөрү социалдык тармактардын колдонуучулары Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек деген пикирлерин калтырышууда.


Буга себеп катары алар салыктын түрлөрүнүн көбөйгөнү жана Министрлер кабинетинин шалаакылыгынан улам өлкө жетекчисине нааразылык пайда болгонун жүйө келтиришүүдө.


Ошол эле учурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун саясатын колдоп, экономикалык бакубатчылыкка жетүү үчүн ал кызматтан кетпеши керек дегендер да аз эмес.



Урматтуу окурман, сиз Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек деп эсептейсизби?

Жок! Акылбек Жапаров кызматын улантышы керек! 561 добуш (77.06%)
Ооба, Акылбек Жапаров кызматтан кетиши керек! 151 добуш (20.74%)
Мага баары бир! 16 добуш (2.20%)

Пикирлер (331)

Коопсуздук коду
Мыйзам сактаган гражданин
Жылыш бар. Уланта берсин.
Ибраимов Кубаныч
Иштесин, жылыш болуп атат. Президент койгон тапшырмаларды аткарыш керек.
Рахатбек уулу Бактыбек
Кыргызстанды онуктуробуз десек Акылбек Жапаров иштеши керек . Себеп дегенде азыркы учурда кылып жаткан реформалары Кыргызстаныбызга керек .
Кадыракун
Эн жакшы реформалар болуп жатат ушундай денгээлде иштесе келээрки жылдарда бюджетибиз болуп корбогондой осот
Казыбек
Акылбек Жапаров жакшы иштеп жатат! Айлык, пособие көтөрүп берди. Ишине ийгилик каалайм! Өзүнө бекем ден соолук!