Бугу 04, 2024
Убакыт: 00:15
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жети-Өгүздүн тургунунун үйүнөн алты килограммдан ашуун баңгизаты табылды

07.03.2024 10:03
285
Жети-Өгүздүн тургунунун үйүнөн алты килограммдан ашуун баңгизаты табылды


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын жашоочусунун үйүнөн алты килограммдан ашуун баңгизаты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Милиция 45 жаштагы К.М. аттуу жарандын үйүндө кызматтык издөө итинин жардамы менен тинтүү жүргүзүп, үйүнүн чатырынан баңгизат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган баңгизат 4 кг 212 гр “марихуана” жана гашиш 2 кг 90 гр “гашиш” болуп аныкталган.

Кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн